Британия “Орусия коркунучун” эске салды
Брюсселде бүгүн Евробиримдиктин эки күндүк саммити улантылат. Британ премьер-министри Тереза Мэй анын алдында Орусиянын “чек араны сыйлабаган” коркунучтарын эскертип, Европа боюнча өнөктөштөрдү буга каршы биригүүгө чакырарын билдирди. Саммиттин алдында британ тышкы иштер министри президент Путиндин аракеттерин Гитлердикине салыштырса, Москва Борис Жонсондун сөздөрүн “жийиркеничтүү” деп баалады.