Орусиядагы мигранттар үчүн жаңы эрежелер киргизилди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын 29-декабрынан тартып Орусияга иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу жол-жобосунан өтүшү керектигин жарыялады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жарандар алгач фтизиатрдын, дерматовенерологдун, инфекционисттин, терапевттин, психиатр-наркологдун кароосунан өтүшү керек. Андан соң манжа изин каттатып, сүрөткө түшөт. Читать дальше...