Дүйнөлүк банк ландшафттарды калыбына келтирүүгө 52,4 миллион доллар бөлдү
Дүйнөлүк банк жана Финансы министрлиги жалпы суммасы 52,4 миллион долларды түзгөн «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.