ЖМК жана интернеттеги жалаа, мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушталууда
Маданият, маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги Укук бузуулар жөнүндө кодексин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта же интернет тармагындагы баракчаларда башка адамдарга жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти караган жаңы берене менен толуктоону сунуштап жатат. Мекеме мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.