Киев соту экс-президент Порошенкону эркиндикте калтырды
Киевдин Печерск райондук соту Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун бөгөт чарасын 19-январда карап, анын өз кепилдигин алып эркиндикте калтырды. Андан сырткары жалпы жарандык паспортун тапшырууга милдеттендирди. Айыптоочулар Порошенкону камакка алууну өтүндү, адвокаттар эч кандай чара көрбөөнү талап кылышты. Сот имаратынын сыртында саясатчынын тарапташтары митинг кылып турушту. Петро Порошенко 17-январда Варшавадан Киевдин Жуляны аэропортуна учуп келгенден кийин бөгөт чарасын аныктоо боюнча сотко катышты. Читать дальше...