Лейлекте кыш завод мамлекетке кайтарылды
Мекеменин басма сөз кызматы аталган завод 1994-жылы мыйзамсыз менчиктештирилгенин, заводдо 30% мамлекеттин үлүшү болгон жерлери менен чогуу алынганын билдирди. Маалыматка ылайык, 30 жыл аралыгында заводду менчиктеп алган "АООТ-Исфана" компаниясы мамлекетке эч кандай дивиденд төлөп берген эмес.
"АООТ-Исфана" ишканасынын акционерлери жана анын жетекчиси менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында кыш заводу 1,25 га жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилди.
Кыргызстанда тийиштүү мекемелер мурда-кийин жеке менчикке ар кандай жол менен өтүп кеткен жер тилкелери, имараттар жана башка мүлк мамлекетке кайтарылып жатканын, бул иш бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн үзүрү экенин кабарлап келишет.
Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтышат.(ZKo)