Азия чемпионаты: Айсулуу бешинчи алтынды тагынды
![Азия чемпионаты: Айсулуу бешинчи алтынды тагынды](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-31e1-08db3c09f53d_tv_w800_h450.jpg)
Балбан Айсулуу Тыныбекова Астанада өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын байге утуп, беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Тыныбекова Азия чемпионатынан (2018-жылды эск албаганда) 2013-жылдан бери катышып жалпы 10 байге уткан. Анын эң көбү - беш алтын медаль. Калгандары үч күмүш, эки коло медаль.