Президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары соцтармакта тараган видео тууралуу маалымат берди
Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов өзү тууралуу интернетте тараган видеолорго Фейсбуктагы баракчасында маалымат таратты. Ал "Азаттыкка" берген комментарийинде муну өзүн атайлап каралоо аракети катары баалай турганын билдирди. "Мен жөнүндө бир жыл мурдагы иш ордумдагы видеолорду чыгарып каралоо аракетин көрүшүптүр. Ошко келген 1 жыл 9 айда 1400 гектар жерди мамлекетке кайтардым. Акчалуулардын мыйзам бузуп кызыл сызыкка чейин чыгып, салып алышкан көптөгөн имараттарын буздуруп, талкалаттым. Читать дальше...