Бердымухамедов: Аймактагы туруктуулукту чогуу камсыздообуз керек
"Биз баарыбыз чогуу Борбор Азия стабилдүүлүктүн жана ишенимдин аймагы болушуна аракет жасашыбыз керек. Ушундан улам саясий жана дипломатиялык алака-катышты активдештирүү жана күчөтүү керек. Бул иштерди координациялоону биздин мамлекеттердин тышкы саясат мекемелерине жүктөп, беш тараптуу маал-маал менен жолугушууларды өткөрүү туруу зарыл. Кырдаалга өз маалында мониторинг жүргүзүп, өз ара маалымат алмашып турушубуз керек", - деди түркмөн президенти.
Ал бардык тармакта кызматташууга байланыштуу "жол картасын" даярдоо тууралуу тапшырма берүүнү сунуштады.
40 жаштагы Сердар Бердымухамедов быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон кийин бийликке келген. Бул анын Кыргызстанга алгачкы сапары.