Рахмон Ооганстандагы кырдаал дайыма көңүл борборунда болушу керектигин айтты
"Биздин божомолдор боюнча Ооганстандагы абал мындан дагы начарлайт. Өткөн убакыт ичинде "Талибан" Кыргызстанда тыюу салынган - ред.) кыймылынын жетекчилиги дүйнө коомчулугун жана ооганстандыктарды коопсуздукту камсыз кылуу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө ынандыра турган реалдуу кадамдарды жасай алган жок", - деди Рахмон.
Тажик лидери Борбор Азия маанилүү аймак экенин, анда дүйнөдөгү оюнчулардын атаандаштыгы өсүп жатканын белгиледи. Ошону менен катар терроризм, экстремизм, маңзаттарды мыйзамсыз айлантуу тыйыла электигине, диний экстремизм өсүп жатканына да токтолду. Ал радикалдуу идеологияны жөнгө салуу үчүн конкреттүү механизмдерди иштеп чыгууну сунуштады.
Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда.
Кеңешменин жыйынтыгы менен чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө. (КО/КЕ)