Молдомуса Конгантиев каза болду
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Бул маалыматты анын жакындары "Азаттыкка" ырастады. Азырынча сөөгү качан жана кайда жерге берилери айтыла элек.
Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта кызмат өтөй баштаган. Ал Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдарда жетектеген.
2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кеткен. Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын Апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши ачылган. Кийин 2019-жылы сот аны актаганы белгилүү болгон. Жогорку сот 2020-жылы толук актаган.
2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин саясатка аралашкан эмес.
Конгантиев юридика илимдеринин кандидаты.
2021-жылы январда жубайы Базаркүл Нурбаева каза болгон.