Өзбекстандын өкмөтү калктын саны 34,5 миллиондон ашканын жарыялады
Өзбекстандын өкмөтү мамлекетте калктын саны 34,5 миллиондон ашканын жарыялады. Расмий эсеп 2021-жылдын 1-январына карата чыгарылганын өлкөнүн статистика комитети билдирди.
Расмий кабарга ылайык, элдин саны бир жыл мурдагыдан 653 миң кишиге көбөйдү. Башкача айтканда, ай сайын 54 миңден кошулган.
Өзбекстан Борбор Азиядагы калкы эң жыш жайгашкан мамлекет болуп саналат. Кыргызстандын түштүк аймагы менен чектеш.