Маркетплейс: базардан интернетке көчкөн соодагерлер
Былтыр Кыргызстандагы электрондук коммерция рыногунун көлөмү болжол менен 200 миллион долларды түзгөн. Ири базардан интернетке көчүп жаткандардын арасында “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларынын ишкерлери бар. Электрондук коммерциянын сырын өздөштүргөндөрдүн арасында кыз-келиндер арбын.