Загрузка...

УКМКнын төрагасы Ташиев Москвада мигранттар менен жолукканы кабарланды

7
УКМКнын төрагасы Ташиев Москвада мигранттар менен жолукканы кабарланды

29-октябрда кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушканын чогулушка катышкан диаспора өкүлдөрү билдирди. Жыйынга кыргыз диаспораларынын 120дай өкүлү – Орусиянын ар кайсы райондук жана облустук бирикмелеринин, коомдук уюмдардын жетекчилери жана активисттер алдын ала тизме менен чакырылган.

Жолугушуунун жүрүшүн фото-видеого тартууга жана түз эфирден берүүгө уруксат берилген эмес.

Чогулушка катышкандар тарабынан тартылып, таратылган кыска видео тасмаларда Ташиев Москвага атайын иш сапар менен келгенин, анын алкагында диаспора жетекчилери менен жолугушуп жатканын айтып жатат.

Камчыбек Ташиевдин катарында Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Эркин Айдит, ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн, миграция кызматынын башчылары, элчиликтин башка кызматкерлери да отурганын көрүүгө болот.

УКМК жаңы дайындалган жетекчисинин Орусияга сапары жана максаты тууралуу расмий кабар тараган жок. Кыргызстандын башкы чекисти чет мамлекетте мигранттар менен жолуккан учур алгачкы ирет катталды.

Жолугушуу «Президент-Отель» мейманканасынын банкеттик залында уюштурулган. Москванын борборунда турган мейманкананын «Большой Петровский» залынын эки сааттык ижарасы 180 миң рубль турат.

5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин келген жаңы өкмөттүн курамында Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчиси болуп 15-октябрда дайындалып, 28-октябрда парламентте ант берген.

Ташиевге чейин 22-23-сентябрда Москвага иш сапар менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев барып, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан. Ага улай Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу – премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков Москвага барган. Москвадагы элчилик Айдарбековдун сапары жана анын алкагында пландалган жолугушуулар тууралуу кабары жоктугун билдирген.

Стратегиялык өнөктөшсаналган Орусия менен Кыргызстандын жаңы бийлиги жогорку деңгээлде диалог жүргүзө элек.(LzT/ZKo)

Читайте на 123ru.net


Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России



AliExpress RU&CIS





Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа



Слот 11
Загрузка...





123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. Отели в Москве — здесь. Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.