26-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
![26-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат](https://gdb.rferl.org/ABA2686A-FB28-4367-A024-58A9C16E3AA6_w800_h450.jpg)
26-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда жана Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20;
Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 15…20;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 15…20;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен нөшөр жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 18...20 градус болот.