БУУнун Климат боюнча конференциясы жыйынтыксыз аяктады
Мадридде Улуттар Уюмунун Климат боюнча 25 - конференциясы аяктады. Анын катышуучулары бирдиктүү билдирүү кабыл алышканы менен, табият коргоочуларынын сынына кабылышты. Greenpeace уюмунун өкүлү Мартин Кайзер конференциянын жыйынтыгын "климат кризисинен жабыркап жаткан бардык адамдарды сатып кетүү" катары баалады.
Мурдараак жыйындан натыйжа чыкпай калганын 16 жаштагы экологиялык активист Грета Тунберг айтып чыккан.
Бул конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан климатты коргоо боюнча олуттуу жаңы милдеттенмелер кабыл алынары күтүлгөн.
Жыйынтыгында катышуучулар Париж макулдашуусун аткаруу боюнча көбүрөөк чараларды кабыл алууну макулдашканы менен так кадамдар тууралуу бир пикирге келе алышкан жок.
Климат боюнча Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк конференциясы Чилинин баш калаасы Сантьягодо өтмөк. Бирок ал жакта жапырт нааразылык акциялары токтобой жаткандыктан Мадридге которулган.
Жума күнү жыйынтыктала турган жыйын катышуучулардын талашып-тартышуусунан эки күнгө созулду.