Эмил Үмөталиев министр кезиндеги иштер үчүн суракка чакырылды
Ишкер Эмил Үмөталиев 2010-жылы экономика министри болуп турган кездеги айрым фактыларга байланыштуу Аскер прокуратурасына 2-октябрда суракка чакырылды.
Бул тууралуу өзү "Азаттык" радиосуна билдирип, сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол койгондуктан, толук маалымат бере албасын айтты:
- Сурак тез эле бүттү. Жаңы көйгөйлөр жаралат, деп ишенип туралы. Суракка чакырган органдын кызматкерлери өз милдеттерин аткарышты. Негизинен орундуу эле болду деп эсептейм, - деди Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев - «Kyrgyz Concept» компаниясынын негиздөөчүсү. 2010-2011-жылдары Экономикалык жөнгө салуу министрлигин жетектеген.
Ага чакыруу Аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсүнүн атынан келген. Башкы прокуратура буга байланыштуу азырынча маалымат бере элек. (SE)