Италиянын премьер-министри кызматтан кетерин жарыялады
![Италиянын премьер-министри кызматтан кетерин жарыялады](https://gdb.rferl.org/564E6FDF-EF1B-44EE-8FA8-DB8D603ABC55_w800_h450.jpg)
Жузеппе Конте расмий түрдө Италиянын өкмөт башчылыгынан кетти. Анын отставкасын президент Сержо Матарелла кабыл алды.
Конте шейшемби күнү сенатта сөз сүйлөп жатып отставкага кетүү ниетин билдирген. Ал өзүнүн чечимин өкмөттү кураган “Лига” партиясы менен “Беш жылдыз кыймылы” партияларынын ортосунда ырктын кетишине байланыштырды.
Конте “Лига” партиясынын лидери жана вице-премьер-министр Маттео Сальвинини өкмөттөгү кризис үчүн айыптады. Буга чейин Маттео Сальвини мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып чыккан.
Өкмөттөгү соңку кайчы пикирлерге Италиянын Турин шаары менен Франциянын Лион шаарын байланыштырган темир жол курулушунун долбоору себеп болду.
Сальвини жетектеген “Лига” партиясы “Беш жылдыз кыймылынын” каршылыгына карабай бул долбоорду колдоп чыккан.
Дагы окуңуз: Иранда иттерге аяр мамиле кылууну талап кылган акция өттү