Ошто кыздарды IT тармагына тартууга арналган иш-чара өтүүдө
“Тэкайым” коомдук фонду АКШдагы Хьюберт Хамфри программасынын бүтүрүүчүсү Тынымгуль Эшиева менен 15-июнь күнү Ош шаарында кыздар үчүн атайын жолугушуу өткөрүүдө. Иш-чарада АКШнын бул жана медиа тармактарынынокуу жайларынан окуп келген кесипкөй адистер IT тармактын артыкчылыгы тууралуу маалымат берип жатышат.
Жыйынга 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнөн тартып, студенттер, башка кесиптерде иштеп, бирок кесибин өзгөртүүнү каалаган кыз-келиндер катышууда. Аларга IT тармагын тандоонун артыкчылыгы, айлык акынын деңгээли, санарип экономика, бул тармакта кесиптик ийгиликтерге жетишүүнүн жолдору тууралуу маалыматтар берилүүдө.
“Эмне үчүн кыздар IT тармагына барууга тийиш?” деп аталган жолугуушунун негизги максаты – кыргыз кыздарынын көңүлүн заман талап кылган кесиптерге жана илим, технология, бизнес жаатына буруу болуп эсептелет.
Тэкайым Митап (TechAim MeetUp) аянтында бир эле учурда АйТи тармагында иштеген кесипкөй аялдар жана бул тармакка кызыгып, ал тууралуу билгиси келген, кесибин ошол тарапка бурууну каалаган кыздар жолугуша алышат. (MdN)