"Дордойдогу" өрт: зыян тарткан соодагерлер жардам сурады
"Дордой" базарында 5-июлда түшкө жуук катталган өрттөн 42 контейнер жана тогуз күркө күйүп кетти. Айрым соодагерлер бардык төлөмдөрдү төлөп келишкенин, базар жетекчилиги кенемте төлөп бериши керектигин айтып жатышат. Азырынча чыгымдар үчүн кандай жардам болору айтыла элек. 5-июль күнү "Дордой" базарында тутанган өрттөн Мээрбек Раимбековдун үч контейнери товарлары менен кошо толук күйүп кеткен. Өрт заматта тутанып кеткенин, өздөрү качып чыгууга араң үлгүргөнүн айтат: "Эки контейнерим жанаша, дагы бири бет маңдайда жайгашкан болчу. Читать дальше...