"WhatsApp" жаңыртылган купуялык саясатын ишке ашырууну кийинкиге калтырды
"WhatsApp" адистери колдонуучулардын реакциясынан улам жаңы бизнес өзгөчөлүктөрүн жайылтууну кийинкиге калтырды. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды. 4-январда "WhatsApp" колдонуучуларына 8-февралга чейин "Жаңыртылган купуялык саясатын" кабыл алуу же четке кагууну сунуш кылган. Жаңы саясаттын алкагында "Facebook" жана "WhatsApp" тиркемелери өз маалыматтарын бириктире турганы айтылган. Жаңы эрежелерге макул болбогондор 8-февралдан баштап "WhatsApp" тиркемесин колдоно албай тургандыгы кабарланган. Читать дальше...