Британия Евробиримдиктен чыгуу жараянын аяктады
Улуу Британия Евробиримдиктен чыгуу жараянын - "Брекзитти" 2020-жылдын 31-декабрынын акыркы саатында аяктады. Падышалык 2020-жылдын январында Евробиримдиктен чыкканына карабастан, өткөн бир жыл бою өткөөл учур күчүндө турду. 25-декабрда эки тарап "Брекзиттен" кийинки соода жана кызматташтык боюнча келишимге жетишти. Ага ылайык, Евробиримдик менен Британиянын ортосундагы соодада төлөмдөр алынбайт, чектөөлөр болбойт. Эгер 2020-жылдын 31-декабрына чейин мунаса табылбаса, «катаал Брекзит» деп аталган шарт боюнча алака жүргүзүлмөк. Читать дальше...