Милиция Боом капчыгайындагы граффитинин өчүрүлүшүн иликтей баштады
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Боом капчыгайындагы граффитини өчүрүү фактысы боюнча эреже бузуу бар-жогун териштире баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, авторлордон жана башка жарандардан арыз түшкөн эмес. Текшерүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кабарлардан улам жүрүп жатат. Милициянын кийинки аракеттери териштирүүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот. Дээрлик 800 чарчы метр аянтты түзгөн Боом капчыгайындагы... Читать дальше...