Иранда Загари-Ратклифф абактан психикалык ооруканага которулду
Иранда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүгө байланыштуу айыпталып, беш жылга камалган Британия жана Иран жараны Назанин Загари-Ратклифф абактан психикалык ооруканага которулду. 16-июлда "Назанин эркиндикке чыгарылсын" кыймылы аны Тегерандагы Эвин түрмөсүнөн Имам Хумайни ооруканасына алып кетишкенин маалымдады. Бирок атасына аны көрүп чыгууга уруксат берилбеди. Загари-Ратклифф 2016-жылы кармалган. Ага "Иран өкмөтүн оодарууга аракет кылган" деген айып коюлган. Өзү муну моюнга алган эмес. Читать дальше...