Төрөбаев мамлекеттик кызматкерлерди электен өткөрүүнү сунуш кылды
13-декабрда парламент жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев коррупция менен күрөшүү боюнча кайрылуу жасап, өлкөдөгү саясий, коомдук абал боюнча пикирин билдирди. Ал өкмөткө, парламенттеги фракция жетекчилерине кайрылып, чечкиндүү кадамдарга барууну сунуш кылды: - Мамлекеттик кызматкер пара менен кармалды, уячалардан миллиондогон акча чыкты. Улуттук банктын төрагасы өз насыясын жокко чыгарды. Сотторго иш козголуп, Баткенде прокурорго мамлекеттик кызматкер кол салды. Буларды эл көрүп турат. Читать дальше...