Казакстан: Урал суусунда балык кырылууда
Казакстандын Атырау облусунда Урал дарыясында бир тоннадай балыктын кырылган себебин издеп жатышат.
Облустук акимиат алгач жүздөн ашуун балык өлгөнүн маалымдап, кийин бул сан бир тоннага жеткени расмий тастыкталды.
Алдын ала жүргүзүлгөн экспертиза суу таза жана элге, жаныбарларга зыяны жок экенин көрсөткөн.
Учурда бул окуядан улам Урал дарыясынын жээгиндеги ишканаларды текшерип, кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.
Балык кырылып жатканы бир нече күн мурда интернетте видео тарагандан кийин белгилүү болгон. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын бири чөнтөк телефонуна тартып алган видеодо экологиялык кырсык болгонун айткан. (RK)