"Белизгейттин" бети ачылабы?
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы менен башкы прокурорду кабыл алып, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгарууну тапшырды. Муну бийликти жактагандар буга чейинки коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабынын уландысы катары баалашууда. Ошол эле учурда бул убада аткарыларынан күмөн санагандар жетиштүү.