Түрмөдө Ахмат Кадыровдун жан сакчысынын сөөгү табылды
Орусиянын Владимир облусундагы колонияда Чеченстандын мурдагы президенти Ахмат Кадыровдун жан сакчысы болуп жүргөн Аюб Тунтуевдин сөөгү табылды. Тунтуев террорчулук үчүн айыпталып, бул түрмөдө жазасын өтөп жаткан. Бул тууралуу «Медиазона» сайты адвокат Тагир Шамсудиновго таянып билдирди. Анын айтымында, колониядагылар Тунтуев өз жанын кыйганын билдирген.
Буга чейин ал колония кызматкерлери кыйнап, уруп-сабаганын айтып, бир нече жолу даттанган.
2016-жылы Орусиянын Тергөө комитети жаза аткаруу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Тунтуев күч кызматкерлери 2000-жылы Чеченстанда Псков десантчыларына кол салууну моюнга алдырууну көздөп, кыйнаганын айткан.
2008-жылы Аюб Тунтуев «Чеченстандын Знаменск айылындагы терактка катышы бар» деген айып менен 24 жылга кесилген. 2017-жылы Чеченстанда 19 жыл мурда болгон Псковдун №76 дивизиясына кол салуу боюнча да айып тагылып, дагы 11 ай жаза мөөнөтү кошулган. Тунтуев күнөөсүн моюнга алган эмес.