Кеминде мал айдап келем деп үйүнөн чыккан аял дайынсыз жоголду
22-февраль күнү Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде 1989-жылы туулган аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кайра кайтып келген эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.