Адвокат Алмазбек Атамбаев дарыланууга муктаж экенин айтууда
Бир нече кылмыш иши боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу дарыланууга муктаж. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, мурдагы президенттин омурткасынан эки грыжа табылгандыктан, ал көпкө чейин отура албайт. Мындан тышкары жүрөк жана башка оорулардан жабыркайт. Жоошев Атамбаевге операция талап кылынабы же жокпу, дарыгерлер аныктоого тийиш экенин, бирок анын саламаттыгын жакшыртуу үчүн толук кандуу дарылоодон өтүшү керектигин кошумчалады. Читать дальше...