Лейлекте сел жүрүп автоунаа жолдору жабылды
Катуу жамгырдын айынан Коргон – Катраңдын 16-21- чакырымы жана Исфана – Андарак - Көк-Таш айылдарынын ички автоунаа жолдорунун 14-18 - чакырымдарында шагыл аралаш сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.
Мындан сырткары Кара-Суу айылында балдар бакчасынын имаратын, 30 үйдүн, ал эми Ак-Терек айылында 25 үйдүн үйдүн короосун суу каптаган.
Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин Баткен облусундагы тийиштүү кызматтары жана №13 Жол тейлөө ишканасы иштеп жатат. Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп, кошумча маалымат берилет. (TSh)