Трамп сындаган ФБРдин директорунун орун басары кызматтан алынды
АКШнын башкы прокурору Жефф Сеншс Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) директорунун орун басары Эндрю Маккейбди кызматтан бошотту. Буга чейин президент Дональд Трамп Маккейбди АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча ишти тергөөдө калыс болбой жатат деп сындап чыккан эле. Сеншс ФБРдин кызматтык жоопкерчилик боюнча инспекторунун сунушу менен Маккейбди кызматтан алганын жарыялады.
Кошмо Штаттардын башкы прокурору "Маккейб бир нече жолу жашыруун маалыматтарды ЖМКга чыгарган" деп билдирди.
Эндрю Маккейб ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Коми кызматтан кеткенден тогуз айдан соң жумуштан бошотулду. Коми да АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын катышы боюнча иш боюнча президент Трамп менен пикир келишпестиктен улам кеткен эле. Мындай жагдай Конгресстин кооптонуусун жаратып, бул маселени иликтөө боюнча атайын прокурор Роберт Мюллер баштаган атайын топ түзүлгөн.
Маккейб пенсияга чыгаарына эки күн калганда кызматтан бошотулду. Ал 50 жашка толгондо кызматтан кетсе толук пенсия алууга укуктуу болмок.