Батыш өлкөлөрү Кремлдин сынчысы Навальныйдын кармалышын кескин сындады
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын былтыркы августтагы Сибирдеги уулануудан айыккан соң, Германиядан Москвага кайтып келген чагында Орусиянын коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалышы дароо Кремлге карата нааразылык менен ачуу сын-пикирлерди жаратты. Навальный түшкөн учак 17-январда кечкурун “Шереметьево” аба майданына кондурулган жана оппозициячы саясатчы тез арада тартип сактоо күчтөрү тарабынан кармалган.
Орусия бийликтеринин бул кадамына карата нааразылык билдирүүлөр дароо эле жасалды. Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кремлдин 44 жаштагы сынчысынын кармалышын “жол берилбей турган жорук” катары сындап, аны тез арада бошотууну талап кылды. Брюсселде Евробиримдиктин өкмөттөрүн багыттаган Мишел мырза “Твиттердеги” барагында: "Мен орус бийлигин аны тезинен бошотууга чакырам", – деп жазды.
Ал эми Балтика өлкөлөрүнүн – Литва, Латвия жана Эстониянын жетекчилери саясатчы Навальныйдын кармалгандыгы тууралуу жаңылыкка карата биргелешкен билдирүүсүндө расмий Москвага каршы "чектөө чараларын көрүүгө" чакырык жасашты.
Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис “Твиттердеги” барагында Навальныйдын “орус бийлиги тарабынан кармалышы таптакыр жол берилбейт” жана “Биз анын токтоосуз бошотулушун талап кылабыз”, – деп жазды. "(Евробиримдик) тез арада иш-аракетке өтүшү керек жана эгерде ал бошотулбаса, анда биз бул ачыктан-ачык жасалган аракетке байланыштуу чектөө чараларын көрүүнү карашыбыз керек", - деп Ландсбергис кошумчалады.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки дагы “Твиттердеги” барагында эгерде Навальный бошотулбаса, анда "Евробиримдиктин деңгээлинде ыкчам жана так жооп кайтарууга" чакырды.
АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин 20-январда кызматка киришүүгө беленденип жаткан администрациясынын өкүлдөрү да Навальныйдын тез арада бошотулушун талап кылды жана "анын өмүрүнө кыжыр кайнаткан кол салуу далаалатын жасагандар жоопко тартылууга тийиш" деп билдирди.
Маселен, Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп дайындалышы күтүлүп жаткан Жейк Салливан расмий Кремлди саясатчы Навальныйды дароо боштондукка чыгарууга чакырды. Өзүнүн “Твиттердеги” барагында ал “Навальныйга чабуул – бул тек гана адам укуктарын бузуу болуп чектелбейт. Бул – өз үнүн уктурууну эңсеген орусиялыктарды мазактоого тете”, – деп жазды.
Навальныйды бошотуу чакырыгын сенатор Берни Сандерс да жарыялады. Кимде-ким өз өлкөсүндөгү демократиянын салтанатына салым кошсо жана жемкорлукка каршы күрөшсө, анда ага Кошмо Штаттар тилектештик билдирүүгө тийиш, деп Сандерс 17-январда “Твиттерде” жарыялаган сөзүндө баса белгиледи. (TT)