Орусиядагы 4,5 миң кыргызстандык мекенине кайтууга жардам сурап элчиликке кайрылган
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде мекенине кайтууга жардам сурап кайрылган 4,5 миң кыргыз жаранынын арызы жатат. Бул тууралуу 3-июнда элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме алардын баарынын маселесин бир заматта чечүү мүмкүн эмес экенин, ошого карабастан айрымдар нааразылыгын айтып, түрдүү билдирүүлөрдү жасап жатышканын белгилеп, аларды сабырдуулукка чакырды. Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, Росавиация, Роспотребнадзор ишканалары жана авиакомпаниялары менен сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады. Дипломатиялык өкүлчүлүк жакынкы арага пландалып жаткан Москва-Ош, Москва-Бишкек авиакаттамдарынын билеттерин болушунча арзандатып берүүнү өтүнүп жатышканын билдирди.
Июнь айында, элчиликтин маалыматына караганда, Орусиядан апта сайын чартердик каттамдар уюштурулганы жатат.
Элчиликтин басма сөз кызматы «Элчилик авиабилеттерди кымбаттатып сатып жатыптыр» деген сөздөр калп жана ушак экенин эскертип, бааны авиакомпания өзү аныктай турганын кошумчалады.
Москва-Бишкек каттамына чоңдор үчүн билет баасы эконом-класска 13485 рубль, ал эми бизнес-класска 73860 рубль экени, валюта курсуна карата айырма болушу ыктымал экени айтылды.
Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу көпчүлүк өлкөлөрдүн чек арасы жабылып, авиакаттамдар токтогон.
12-майда онлайн брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 58 өлкөдө 8712 кыргызстандык жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын айткан. Андан бери алардын айрымдары Кыргызстанга жеткирилди. (RK)