Нарында нөшөрдөн кийин айрым көчөлөрдү суу каптады
Нарын шаарында нөшөрлөгөн жаандан кийин суу ташкыны пайда болду. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, тоонун түбүндөгү каналдан суу ташып, айрым көчөлөрдүн жолдорун, үйлөрдү каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, саат 16:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен жаан суусу үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине мекеменин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылган.
2-июндун кечинде Нарын облусунун Чаек айылында каналдан суу ашып, Кашка-Терек жана Май-Кокту тилкесинде жайгашкан беш үйдүн ичин, 16 үйдүн короосун каптаган.
Адамдар жабыркаган жок. Тазалоо жана чыгымды эсептөө иштери жүрүп жатат. (MiK)