Сооронкулова: Депутаттык комиссия мыйзам бузду (видео)
"Кандай гана комиссия болбосун, тергөө иштерине киришүүгө укугу жок болсо да, Саймаитинин иши боюнча түзүлгөн комиссия тергөө амалдарына кийлигишип, ачыкка чыгарып, элге жарыялаганы – мыйзам бузуу". Мындай пикирин Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасында билдирди.
“Депутаттык комиссия али тергелип бүтө элек иштеги күбөлөрдүн көрсөтмөсүн коомчулукка жарыялап салганы менен жалпы укук бузулду. Кылмыш процессуалдык кодекс бузулду. Жогорку Кеңештин регламенти бузулду. Анткени “парламенттик комиссия кайсы бир коомго маанилүү болгон көйгөйлөрдү иликтөө үчүн түзүлөт. Комиссия сот ишине жана тергөө амалдарына кийлигишүүгө тыюу салынат” деп регламентте жазылып турат”.
Ал эми программанын дагы бир катышуучусу, Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров регламентте депутаттык комиссияга күч түзүмдөрү иликтенип жаткан иш тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү деп жазылып турганын эскертти. Депутат “комиссия алдын ала “бул чындык, бул калп” деп бүтүм чыгара албасын белгилеп, жыйынтыкты сот чыгарышы керек” деп айтты. Ал бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок деп эсептеди.
Сооронкулова өз кезегинде күбөлөрдүн көрсөтмөсү “ачыкка чыгарылбайт” деген талап бар экенин эскертти.
2-июнда кытай жараны Саймаитинин Кыргызстандын бажы тармагындагы айрым мамлекеттик кызматкерлер байланышкан коррупция тууралуу “Азаттыкка” айткан маалыматтарын иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отуруму өткөн. Анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Кытайдын жараны Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. «Айеркен Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн. УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.
Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «"Азаттыктын" кабарчысы акча алган» деген маалыматты «журналисттерди каралоо» деп баалады.(ZKo)