Аба ырайы: тоолордо кар көчкү жүрөт
![Аба ырайы: тоолордо кар көчкү жүрөт](https://gdb.rferl.org/6A463EC9-442E-4F0B-B735-E9801E9E40C0_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
22-25-февраль күндөрү жааган жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу капчыгайлардагы жолдордо кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Жолдор тайгак болот. Мындай шартта автоунаалардын ортосунда аралык 500 метр болушу керек.
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 23-февралда көпчүлук аймактарда кар, жамгыр жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 1…6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;
Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;
Бийик тоолуу райондордо -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили кар, жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы -1…+1 күндүз 9…11 градус болот.