Москвада карантинге алынгандарды көзөмөлдөш үчүн камералар пайдаланылат
![Москвада карантинге алынгандарды көзөмөлдөш үчүн камералар пайдаланылат](https://gdb.rferl.org/F0743FFB-C5E3-40E5-B618-1ADBBDF95ABA_w800_h450.jpg)
Москвада коронавируска байланыштуу карантинге жөнөтүлгөндөрдү көзөмөлдөш үчүн адамдын жүзүн таануучу камералар пайдаланыла баштады. Бул тууралуу шаардын мэри Сергей Собянин билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, ушу тапта эки жумалык карантинге 2 жарым миңдей киши жиберилген. Кытайдан Москвага келгендердин баары обочо кармалат. Температурасы жогору болсо, дароо ооруканага жаткырылат. Собяниндин айтымында, Кытайдан келгендердин мониторинги менен метро, «Мосгортранстын» кызматкерлери, полиция жана дарыгерлер алектенишет.
Коронавирустун эпидемиясынан улам 20-февралдан тартып кытайлык жарандар Орусияга кире алышпайт.
Өпкөнүн сезгенишине алып келген вирус былтыр жыл этегинде Кытайда жайыла баштаган. Акыркы маалыматтарга караганда илдеттен 2200дөн көп киши көз жумду, 75 500дөй киши ооруну жугузуп алды.
Кийинки жылдары Орусия адамдын жүзүн тааныган технологияларды өнүктүрүүгө кызуу киришти.