Тышкы иштер министрлигине жаңы статс-катчы дайындалды
![Тышкы иштер министрлигине жаңы статс-катчы дайындалды](https://gdb.rferl.org/02F60A50-49A6-4F3F-BE63-31573C4CFA53_cx57_cy30_cw22_w800_h450.jpg)
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 11-февралдагы жарлыгы менен Нуржан Бардинова Тышкы иштер министрлигине статс-катчы болуп дайындалды.
Министрликтин жамаатына жаңы статс-катчыны өкмөттүк аппараттын башчысы Самат Кылжыев тааныштырды.
Нуржан Бардинова буга чейин өкмөткө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы болуп иштеген. (ZKo)