Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жетекчилери менен жолукту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын Жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.