Таластагы «Бала-Саруу» ГЭСин курууга 2,8 миллиард сом сарпталат
Талас облусундагы «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушуна Финансы министрлиги 2 миллиард сом бюджеттик насыя бөлгөн. Кийинчерээк Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кошумча 10 миллион доллар (882 миллион сом) алынган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун директору Улан Астаркулов билдирди.