Куткаруучулар Иран президенти отурган тик учакты издеп жатышат
Куткаруучулар деле кырсык болгон жерге жете албай жатышат. Жалпысынан 40ка жакын издөө тобу аба ырайынын суугуна карабай түнү менен ишин улантты. Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирген.