Чудиновду дирекциянын жетекчиси кылып дайындоо жөнүндө буйрук жокко чыгарылды
Игорь Чудиновду «Курулуп жаткан электр станциялар» дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасында билдирди.