Ак-Сай айылына фельдшердик-акушердик пункт жана заманбап футбол аянтчасы курулат
Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айылына фельдшердик-акушердик пункт жана заманбап футболдук аянтча курулат. Бул тууралуу «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков баштаган депутаттар тобу шайлоочулар менен иштөө жумалыгынын алкагында кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги абал менен таанышып жатканда айтылды.