Өзбекстанда химиялык зат ичип алган окуучунун өлүмү боюнча териштирүү башталды
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Фергана облусунда 9-класстын окуучусу белгисиз химиялык заттан өлгөнүн тастыктады. Буга чейин маркумдун туугандары «классташтары ага зордоп химикат жуткурганын» билдиришкен.