Кыргызстандык спортчу таэквондо ITF боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан 2 спортчу катышты. 16-17 жаш арасында 63 килограмм салмак ченинде Дильшот Курбанов биринчи айлампада аргентиналык спортчуну жеңип, украиналык балбандан утулуп калды. Ал эми 57 килограмм салмакта Никита Цой жапониялык жана камбоджалык спортчуларды утуп, чейрек финалга чыкты. Анда ал дагы бир камбоджалык балбанды жеңип, жарым финалда казакстандык спортчудан калып калды.