Ташкентте тогузунчу кабаттан башына бетон түшкөн аял каза болду
10-августта Ташкентте турак-жайдын тогузунчу кабатынан башына бетон түшкөн 55 жаштагы Дильбар Юнусова ооруканада эсине келбей көз жумду. Ал комада беш күн жаткан. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына маркумдун туугандары билдирди.