Темир Назаров: Жылдыз оорусу менин мүнөзүмө дал келбейт
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимнин аткаргандардын арасында ырчы Темир Назаров дагы бар. Мекенчил ырларга басым жасаган ырчы 24.kg агенттигине жаңылыгы менен келип, жакында күйөрмандарына сунуштоо алдында турган чыгармалары жөнүндө айтып берди.