Бүгүн Ак калпак күнү белгиленүүдө
2010-жылы Ак калпак күнүн белгилөө демилгеси биринчи жолу көтөрүлгөн. Демилгечилер улуттук баш кийимдин баркын көтөрүү максатын көздөшкөн. Жыл сайын 5-мартта бала-бакча, мектеп, университет жана ЖОЖдордо бул күнгө карата иш-чаралар уюштурулуп, балдар калпак кийип келишет. Мекеме жана коомдук жайларда улуттук баш кийимге карата ар кандай салтанаттар жана флешмобтор уюштурулат.