Возможные коррупционные действия для присвоения госбюджетных средств главой Кызыл-Кыштакского айыл окмоту Шарабидином Капаровым
КР Президенти С.Ш. Жээнбековго
КР Коопсуздук Кенешинин катчылыгына
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-
Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0770 352010)
АРЫЗ
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
КР Окмотунун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу окулунун орун басары А.Махамадов 16.01.2020 ж. №Т-634 жооп катында биздин арыз текшерилип, Жаны-Турмуш айылы ички кочолорун асфальттоо жумуштарын МСА порталы аркылуу “Спутник-строй” ЖЧКсы утуп алып, аткарган деп жооп берген.
Ш. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыш мезгилинде 5 декабрь 2019 ж. асфальттоо учун 46 699 сом жергиликтуу бюджеттен акча болуп, 10 декабрьда МСА Порталы №191205203831807 натыйжасы чыккан.
КР Окмотунун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу окулу жана укук коргоо органдары суук, кыш мезгилинде асфальттоо учун акча болуу жана асфальттоо канчалык денгээлде мыйзамдуулугун жана текшеруу амалдарын толук кандуу жургузуп аныктаган эмес. Кыргызстан боюнча суук, кыш мезгилинде жолдорду асфальттоо жургузулгон эмес. Бирок, эмнегедир коррупция баткагына белчесинен баткан Ш.Капаров откорот? Ал асфальттоо реалдуу болгонбу, же кагаз жузундо гана болгонбу? Же мурда эл тарабынан август айында кылынган асфальттоону, бюджет эсебинен кылынган деп жасалма акт тузулуп, обналичка болуп жемкордун сол чонтогуну тушконбу? МСА порталы №191205203831807 жумуштарын аяктоо жонундогу актысын бурмаланган эмеспи? Кыш мезгилинде асфальттоонун сапаттуулугу боюнча дагы көптөгөн суроолор бар. Толук кандуу текшеруу откорулгон эмес.
Жаны-Турмуш айылы Э. Рахманов жана С. Шарипов кочолорун асфальттоо учун жергиликтуу бюджет эсебинен (МСА порталы №190730179002931) жана ар бир уй-булоо эсебинен 30-40 мин сом акча чогулуп, ошол жол 2019 жылдын августсентябрь айларында асфальтталган. Ошондуктан 2019 жыл 10 декабрь куну кыш мезгилинде акча болунуп, кайсы жол асфальтталганы элге маалым эмес. Кагаз жузундо кыш мезгилинде асфальт кылынды болгону менен, кайсы жол кагазда эмес, анык асфальтталганы элге маалым эмес. Себеби жергиликтуу бюджет жана эл эсебинен ал кочолорду асфальттоо август айында болгон. Декабрь айында асфальт болгон эмес. Элдин акчалай улушу бюджет улушунон көп болгон.
Мамлекеттик сатып алуулар тартибинде көптөгөн финансылык мыйзам бузуулар, жемкорлук, коррупциялык схемалар кен көлөмдө колдонот эмеспи. Ошондуктан “Спутник-Строй” ЖЧКсы 2019 жыл декабрь айында Жаны-Турмуш айылынын кочосунун кайсы жолун анык асфальттаганын бизге көрсөтуп, МСА Порталы №190730179002931 жана декабрь айындагы МСА порталы №191205203831807 жумуштарын аяктоо жонундогу актыларын (акт выполненных работ), элдин улушуно аткарылган жумуштар жонундогу актыларын, башка документтерин, маалыматты толук беруунузду жана биздин катышуубузда толук кандуу текшеруунузду суранабыз.
Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева,
Г.М. Мирзакаримова, 19 февраль 2020 ж.
Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, жемкор Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз, себеби бизди бир нече жолу өлтүрөбүз деп коркуткан.